Түркиянын чыгышында калың кар жаашынан улам бир топ жол транспортко жабылды

407 отурукташуу жерилеринин жолу  кардан улам жабылды.

854355
Түркиянын чыгышында калың кар жаашынан улам бир топ жол транспортко жабылды

 

Чыгыш Анадолу аймагында Ван, Битлис жана Муштагы 407 отурукташуу жерилеринин жолу  кардан улам жабылды.

Кечээ кечинде кар жаап баштаган Вандын Гүрпынар районунда 92, Тушба районунда 75, Өзалп районунда 52, Ипекйолу районунда 52, Эдремит районунда 20, Мурадийе районунда 16, Башкале районунда 11, Чалдыран районунда 6 жана Бахчесарай районунда бир отурукташуу жеринин жолу кар жана борошондон улам жабылды. Жол тазалоо топтору жабылган жолдорду ачуу үчүн иштеп жатат. Битлисте  51 айыл, Мушта 9 айыл жана 22 аймактын жолу да кардан улам жабылып, жабылган жолдорду ачуу иштери улантылууда.

 



Тектеш кабарлар