Чавушоглу Антальядагы үчтүк жыйынга катышат

Антальяда Орусия - Түркия - Ирандын тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөрүлөт.

849554
Чавушоглу Антальядагы үчтүк жыйынга катышат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 22 -  ноябрда Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлө турган Орусия  - Түркия -  Иран лидерлеринин саммитинен мурда бул жуманын аягында Антальяда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен бирдикте тышкы иштер министрлеринин үчтүк жыйынынын өткөрүлөрүн билдирди. Чавушоглу : «Мындан кийин кандай кадам таштайбыз, Сирияда тынчтык жана ырааттуулукту кантип түзө алабыз, Астана менен Женева процесстерин кандайча интеграция кыла алабыз, бардык маселелерди карап чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болот»,- деди.

Түркия, Орусия жана Ирандын катышуусу менен 22 -  ноябрь шаршемби күнү Орусиянын Сочи шаарында «Сирия» тема болгон жыйын өткөрүлөт.

Орусиянын президенти В. Путиндин жетекчилигинде өткөрүлө турган жыйынга президент Р. Т. Эрдоган 10 күндүн ичинде экинчи жолу Орусияга барат. Жыйынга Ирандын президенти Хасан Руханинин да катышуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар