Террор уюму ПКК/ПЙД/ЙПГ ДЕАШка мүчө террористтерди Раккадан куралдары менен эвакуация кылган

Премьер-министр, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи милдетин аткаруучу Бинали Йылдырым, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

847489
Террор уюму ПКК/ПЙД/ЙПГ ДЕАШка мүчө террористтерди Раккадан куралдары менен эвакуация кылган

Премьер-министр Бинали Йылдырым, террор уюму менен ыпылас соодалашууга катуу каршылык көрсөттү.

Йылдырым, Сирияда АКШ колдогон террор уюму ПКК/ПЙД/ЙПГнын ДЕАШка мүчө террористтерди Раккадан куралдары менен эвакуация кылганы тууралуу көрүнүштөр «уят» деп мүнөздөдү.

Премьер-министр, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи милдетин аткаруучу Бинали Йылдырым, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Террордук уюмдар ПКК/ПЙД менен ДЕАШтын ортосундагы кызматташтыкка каршылык көрсөткөн Йылдырым, Раккадагы кылган кылыктарына «уят» деген серебин салды.

Бир террор уюму менен башка бир террор уюмун жок кылыш үчүн күрөшүүнүн акылга сыйбаган иш болгонун баса белгилеген Йылдырым: «Раккадан чыккан куралдары менен эркин кое берилген ДЕАШтын мүчөлөрү Түркиядан баштап, АКШ, Европага чейин дүйнөнүн ар тарабында жаңы кыймылдарды аткарат»,-деди.

Террор темасында эки жүздүү мамиле кылган Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөткөн Йылдырым: «Ушундай улантсаңыз балээ сизди келип табат. Террордук уюмдарга каршы мамлекеттердин кызматташтыгы маанилүү, террор менен кызматташып эч нерсени чече албайсыз»,-деп айтты.

Каршылыгын, «Раккадан бир террор уюму чыкты, башка бир террор уюму жайгашты, ушулбу акылман саясат?»-деп көрсөткөн Йылдырым, Батышты эскертип, «Ушундай улантсаңыз балээ келип сизди табат. Эркин кое берилген ДЕАШтын мүчөлөрү дүйнөнүн ар тарабында карапайым калкты кыргынга учуратат»,-деди.

Англиянын берүү мекемеси ВВС, кечээ ДЕАШка мүчө жүздөгөн террорист жана үй-бүлөлөрү, АКШ-Англия баштаган эл аралык коалициянын байкоосу астында жикчил террор уюму ПКК/ПЙД менен макулдашып октябрь айында Ракканы конвойлор түрүндө таштап чыгып кеткени боюнча видеолорду эфирге берди.



Тектеш кабарлар