Бинали Йылдырым Исхак Жихангири менен телефондо сүйлөштү

Бинали Йылдырым Иран жарандары үчүн көңүл айтты.

846948
Бинали Йылдырым Исхак Жихангири менен телефондо сүйлөштү

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Ирандын президентинин биринчи орун басары Исхак Жихангири менен телефондо сүйлөштү.

Премьер  - министрликтин булактарынан алынган маалыматка караганда Йылдырым сүйлөшүүдө Ирак  - Иран чек арасына жакын бир жерде мурунку түнү болгон жана эки коңшу өлкөнү да таасирленткен жер титирөөдөн улам каза болгон Иран жарандары үчүн көңүл айтты.

Бул кыйын күндө Ирандын жанында экендигин билдирген премьер  - министр Йылдырым мындай кыйынчылыктардын дагы бир жолу болбошун каалады. Йылдырым муктаждык боло турган болсо Түркиянын Ирандын жараларын айыктыруу үчүн жардам берүүгө даяр экендигин да белгиледи.

Ирандын президентинин биринчи орун басары Жихангири болсо сүйлөшкөнү үчүн премьер  - министр Йылдырымга рахмат айтып, муктаждык боло турган болсо маалымат беришерин белгиледи.



Тектеш кабарлар