Ирактагы катуу жер титирөөнүн кесепеттери

Иракта болгон 7,2 баллдык жер титирөөдө алгачкы белгилөөлөргө караганда Сүлейманиеде 7, Иранда болсо 200 киши каза болду.

845989
Ирактагы катуу жер титирөөнүн кесепеттери

Иракта болгон 7,2 баллдык жер титирөөдө алгачкы белгилөөлөргө караганда Сүлейманиеде 7, Иранда болсо 200 киши каза тапты, 1600 киши жараланды.

АКШнын геологиялык изилдөөлөр мекемеси, Ирактын Иран чек арасына жакын Халепче шаарынын 32 чакырым түштүк- батышында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө болгонун жарыялады.

Духок жана Эрбил менен катар борбор шаар Багдадда да дүрбөлөңгө салган жер титирөө Багдадда 20 секунд, калган шаарларда дагы көпкө созулду.

Ирак-Иран чек арасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:33тө 4,8 баллдык дагы бир жер титирөө катталды. Эл түндү көчөлөрдө өткөрүштү.

Сүлейманиенин Дербендихан районунун акими Насих Мела Хасан, бирдирүүсүндө жер титирөөдө Дербендиханда 4 киши каза болгонун айтты.

Келар районунун Саламаттык сактоо директорлугу болсо 2 киши  каза болгонун маалымдады.

Ирактын күрт аймактык башкаруусу (ИКАБ) Сүлеймание облустук директору Мирхан Мухаммед, жер титирөөдө Сүлейманиенин Дербендихан районунда алгачкы белгилөөлөргө караганда 50 кишинин жаракат алганын белгиледи.

Тесним маалымат агенттигине маалымдо жасаган Иран Парламентинин эл өкүлү Ферхад Тержи болсо түн ортосунда болгон жер титирөөдөн кийин Касры Ширин, Серпүлзихаб жана Селас Бабажаниде 155 киши каза болгонун 1500 киши жаракат алганын айтты.

Ирандын мамлекеттик телеканалында сүйлөгөн Керманшах облусунун губернаторунун орун басары Мүжтеба Нийккердар да урандылардын астында көп сандаган кишилер бар экенин айтты.

Нийккердар: «Таң эрте күн агарганда тик учарлар менен айылдарда кыйрандылар белгиленет. Каза болгон жана жаракат алгандардын артышы санааркатып жатат»,-деп айтты.

Түркиянын түштүк шаарларынан Диярбакыр, Батман, Мардин, Шырнак, Хаккари, Ван жана Мушта термелүүнү сезген жарандар үйлөрүнөн тышка чыгышты.

Бул учурда Диярбакырдан 30 кишилик издөө-куткаруу тобу жер титирөө болгон аймакка жөнөтүлдү.

Түрк Кызылайынын Чыгыш Анадолу аймактык апаатты башкаруу борборунда кызмат кылган топтор да жер титирөөдөн кийин иш-аракетин баштады.

Муштун Хаскөй районундагы амбарлардан фураларга жүктөлгөн миң чатыр, жер титирөө аймагына жеткиркирлиши үчүн жөнөтүлдү.

Аданадан да бул аймакка 10 фура жардам материалы жөнөтүлдү.

Жер титирөөдөн жабыркагандардын баш калкалоо муктаждыктарынын камсыздалышы максатында Жер Ортолук деңиз аймактык апаатты башкаруу борборунан 560 чатыр, 2 миң төшөк, миң одеял, жана 1100 жылыткыч аймакка жеткирилиши үчүн жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин жарыясында Башкы штаб төрагалыгынан Хабур чек ара капкасына келе турган бейтап жана жаралуулардын өткөрүлүшү үчүн Скорски үлгүсүндөгү тик учар талап кылганы билдирилди.



Тектеш кабарлар