Президент Эрдогандын сапарлары

Эрдоган Орусия, Кувейт жана Катарга барат

843280
Президент Эрдогандын сапарлары

Президент Режеп Тайип Эрдоган 15-ноябрда Катарга барат.

Президент Эрдогандын 13-ноябрда Орусияга барып Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуша турганы билдирилген болчу.

Бир күндүк Орусия сапарынан кийин Эрдоган 13-14-ноябрда Кувейтке сапар жасайт.

Катар кризисинде арачы өлкө болгон Кувейтке сапарынан кийин Эрдоган 15-ноябрда Катарга барат.

Сапарда өз ара мамилелер менен бирге Катар кризисиндеги акыркы абал жана аймактык маселелер каралат.

Президент Эрдоган акыркы жолу июль айында Катарга барып, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар