Адана - Доха учак каттамдары

Катар Хамад эл аралык аэропортунан учкан биринчи учак Адана Шакирпаша аэропортуна конду.

841886
Адана  - Доха учак каттамдары

Катардын борбор шаары Доха менен  Аданын арасында бири бирине карата түздөн түз каттам башталды. Катар Хамад эл аралык аэропортунан учкан биринчи учак Адана Шакирпаша аэропортуна конду.

Түркиянын негизги базарларынын бирөөсү болгон Катар менен Адананын арасында башталган каттамдар жумада 3 күн ишке ашат.

Адана губернатору Махмут Демирташ бул тууралуу : «Эки өлкө үчүн жарандарыбыз мындан кийин Анкара жана Стамбулга барбастан түздөн түз эле Аданадан Катарга бара алышат. Жумада 3 күн болушу биз үчүн абдан чоң  мүмкүнчүлүк»,- деди.



Тектеш кабарлар