Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын маалымат берди

Ирак күрт аймактык башкаруусу Түркия менен байланышын улантуу үчүн бир топ кадамдарды ташташы керек.

838659
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын маалымат берди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Ирак күрт аймактык башкаруусунун Түркия менен байланышынын улантылышы үчүн бир топ кадамдарды ташташы керектигин айтты. Ибрахим Калын президенттик комплексинде массалык маалымат каражаттарына күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Катчы Калын Ирак күрт аймактык башкаруусунун лидери Месут Барзанинин кызмат мөөнөтү узартылбастан жоопкерчиликтеринин Нечирван Барзаниге өткөрүлүп берилиши менен аймакта жаңы бир картинанын ортого чыккандыгын айтты.

Нечирван Барзанинин күн талап кылгандыгына байланыштуу суроолорго Ибрахим Калын : «Президентибиз ылайык деп тапса ылайыктуу убакта жана жерде сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Бул үчүн Эрбил башкаруусунун бир топ кадамдарды ташташы керек»,- деди.

 Президенттиктин катчысы Калын Орус башкаруусунун Сирия тууралуу жыйынга ПКК террордук уюмдун уландысы ПЙД/ЙПГни да чакыруусуна каршы чыгышкандарын айтып : «Албетте муну кабыл алуубуз мүмкүн эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар