«Исламий террор» деген аныктоо кабыл алынгыс

АКШда өткөн, Акар менен катар 73 өлкөнүн башкы штаб төрагалары менен НАТО жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү да катышкан «Зомбулукту жактаган ашкере террор уюму менен күрөшүү боюнча башкы штаб төрагаларынын конференциясы» тууралуу маалымат берилди.

834490
«Исламий террор» деген аныктоо кабыл алынгыс

Башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар, Исламдын террор уюмдары менен бирге эскерилишинин жаңылыш жана «исламий террор» аныктоосунун кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

АКШда өткөн, Акар менен катар 73 өлкөнүн башкы штаб төрагалары менен НАТО жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү да катышкан «Зомбулукту жактаган ашкере террор уюму менен күрөшүү боюнча башкы штаб төрагаларынын конференциясы» тууралуу маалымат берилди.

Буга караганда Виргиния штатындагы Американын базасы «Форт Бельвуарда» өткөн башкы штаб төрагаларынын конференциясында каралган маанилүү темалардан бири «Ислам менен террордун бирге каралбоосу жана буга карата биргелешекен иш-аракеттин керектүүлүгү» болду.

Армия генералы Акар, сөзүндө Түркиянын аймактын коопсуздугуна кошкон салымдары менен катар Ислам дининин террор уюмдары менен эскерилишинин жаңылыш болгону жана мындай түрдөгү аныктоолорго каршы биргелеше демилге көтөрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Башкы штабдын төрагасы Акар, конференцияда айрыкча Түркиянын Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүсүнө да токтолду жана кесиптештерине бул уюмдун Түркиянын улуттук коопсуздугун коркунучка салууга аракеттенгени маалыматын берди.



Тектеш кабарлар