ПЙДнын куралдандырылышы боюнча маселе Вашингтондо техникалык жактан талкууланган жери жок

АКШнын Анкарадагы мурдагы элчиси Жеймс Жеффри, ТРТга маанилүү маалымат берди.

830631
ПЙДнын куралдандырылышы боюнча маселе Вашингтондо техникалык жактан талкууланган жери жок

АКШнын Анкарадагы мурдагы элчиси Жеймс Жеффри, Түркиянын өз жарандары же болбосо дипломатиялык кол тийбестиги болбогон ар кимге карата мыйзамдык актыны ишке ашыруу укугу бар экенин айтты.

ТРТга маалымат берген Жеффри, Вашингтон менен виза чыңалуусу, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысынын кайтырылып берилиши жана аймактык темалар боюнча маанилүү маалыматтарды берди.

АКШнын Стамбулдагы Консулдугунда ФЕТӨ менен байланышы болгон кишинин иштегенине токтолгон Жеффри: «Акыркы кармалган киши коопсуздукка тиешелүү бөлүмдө болгону үчүн АКШ виза кызматтарын токтотту. Вашингтон Түркия өкмөтү менен сүйлөшүп дагы көп маалымат алгысы келет. Бул кризистин көпкө созула турганын ойлобоймун»,-деди.

Бир топ кишинин ФЕТӨнүн 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин аркасында болгонуна ишенгенин баса белгилеген Жеффри: «АКШ бийлиги да ушундай ойлосо дагы ФЕТӨнүн корбашчысынын экстрадиция кылынышы үчүн сотту көндүрүшү керек»,-деп айтты.

Элчи Жеффри, террордук уюмдар ПЙД/ЙПГ менен ПККнын ортосундагы байланыштын ачык экенин белгилеп, Анкаранын санааркоолорунда укуктуу болгонун айтты.

Жеймс Жеффри: «Чындыгында Түркиянын түштүгү менен кошо бүтүн экенин ойлоо керек. Террордук уюмдар ДЕАШ, ПЙД жана ПККга каршы согушуп жатабыз. Трамп бийлигинин кудум эле мурдагы бийлик сыяктуу Түркиянын түштүгүндөгү абдан чырмалышкан абал туурасында ДЕАШты жок кылуудан башка саясаты жок. Ошондуктан ПЙДнын куралдандырылышы сыяктуу темалар себеп боло турган маселе Вашингтондо техникалык жактан талкууланган жери жок. Вашингтон менен Анкаранын ортосунда саясий жактан гана талкууланууда»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар