Өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг Мерсинде болгон кол салуу тууралуу маалымат берди

Кечээ Мерсинде кечки сааттарда террористтер бир полиция унаасына кол салды.

829265
Өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг Мерсинде болгон кол салуу тууралуу маалымат берди

 

Вице  - премьер  - министр жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг полиция унаасы өтүп баратканда жол жээгиндеги электрдүү велосипеддеги бомбанын алыстан башкаруу менен жардырылгандыгын айтты.

Парламенттин Жалпы Кеңешинде сөз сүйлөгөн Бекир Боздаг бомбалуу кол салууда 17 полиция кызматкери, бирөөсү техникалык кызматкер болгон 18 кишинин жаралангандыгын билдирди.

Боздаг жаралуулардын абалынын коркунучтуу эмес экендигин, аймакка көп сандаган тез жардам жана өрт өчүргүч менен полиция жиберишкендерин белгиледи. Окуя тууралуу териштирүү 3 прокурор тарабынан жүргүзүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар