Президент Р. Т. Эрдоган Польшада Анджей Дуда менен жолугушту

Президент Р. Т. Эрдоган Европа Биримдигине «Түркияны албай турган болсоңор билдиргиле»,- деди.

828988
Президент Р. Т. Эрдоган  Польшада Анджей Дуда менен жолугушту

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Польшага барган президент Эрдоган кесиптеши Анджей Дуда менен жолугушту. Эки лидер жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин орток пресс – жыйын өткөрүштү.

Түркия  - Европа Биримдиги карым – катнаштарына токтолгон Эрдоган Түркиянын 63 жылдан бери Европа Биримдигине алынбагандыгын эске салып : «Биздин  кайрылуубуздан кийинки процессте алынган өлкөлөрдүн биз менен салыштырыла турган жагы жок. Беренелерди арттырышынын себеби Түркиянын Европа Биримдигине киришине мүмкүнчүлүк бербөө. Албай турган болсоңор билдиргиле. Бири бирибизди алаксытпайлы. Аянттан качкан биз болбойбуз. Алардын чечимин күтүп жатабыз»,- деди.

Эрдоган түрк жарандарына виза эркиндиги тууралуу болсо : «Латын Америка өлкөлөрү үчүн виза жок. Түркия сүйлөшүүчү өлкө бирок Түркия келе албай жтат. Ушундай нерсе болобу? Европа Биримдигиндеги досторубуздан буларды айтышын каалайбыз. 2013 -  жылы визалар жоюлмак эле. Ал күндөн бери бизди алаксытып келе  жатышат»,- деди.

Качкындар тууралуу да токтолгон президент Түркияда жашап жаткан 3, 5 миллионго жакын качкын үчүн ушул кезге чейин 30 миллиард доллардан ашуун каржалгандыгын эске салып : «Европадан 885 миллион евро сыяктуу бир жардам келди. Бизге берле турган сан жалпы 6 миллиард евро болчу. Түркия өз мүмкүнчүлүктөрү менен баарына шарт түзүүдө. Каржаган сумма 30 миллиард доллардан ашуун»,- деди.

Польша менен эки тараптуу карым – катнаштар тууралуу да сөз сүйлөгөн Эрдоган Түркиянын Польшанын 2018 – 2019 – жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө колдоосун жана толук чечкиндүү экендигин айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн да жогорулатылышы керектигин  белгилеген Эрдоган түрк аба жолдорунун каттамдарынын арттырылышынын мүмкүн экендигин билдирди. Польшанын президенти Дуда да Түркиянын бир күн Европа Биримдигине мүчөсү болорун ойлогондугун айтты. Дуда : «Польша Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк иштерин колдоду, бүгүн да колдоп жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар