Башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар Грузияда

Хулуси Акар Түркия  - Грузия -  Азербайжан башкы штаб төрагаларынын үчтүк жыйынына катышуу үчүн Грузияга кетти.

828492
Башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар Грузияда

Башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар расмий жолугушууларынын негизинде Түркия  - Грузия -  Азербайжан башкы штаб төрагаларынын үчтүк жыйынына катышуу үчүн Грузияга кетти.

Борбор шаар Тбилисиде журналисттерге маалымат берген Акар дос жана бир тууган өлкө Грузияда болуудан ыраазы экендигин айтты.

Эки бир тууган өлкө Түркия жана Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы кызмтаташтыктын бир гана эки өлкө үчүн эмес, аймак үчүн да абдан маанилүү экендигин белгилеген Акар стратегиялык өнөктөш Грузия менен да кызматташтыкты улантышкандарын белгиледи. Акар Түркия  - Грузия  - Азербайжан башкы штаб төрагаларынын үчтүк жыйынында үч өлкөнүн арасында аскердик кызматташтык менен бирге коргоо өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын да караларын айтты.

Армиянын генералы Акар андан кийин Азербайжандын коргоо министри, армиянын генералы Закир Хасанов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуулардан кийин Түркия  - Грузия  - Азербайжан башкы штаб төрагаларынын үчтүк жыйыны өткөрүлөт.

 



Тектеш кабарлар