Дениз Байкал ооруканага жаткырылды

Республикалык элдик партиясынын мурунку лидери жана Анталья депутаты Дениз Байкал ооруканага жаткырылды.

827831
Дениз Байкал ооруканага жаткырылды

Республикалык элдик партиясынын мурунку лидери жана Анталья депутаты Дениз Байкал ооруканага жаткырылды.

Дениз Байкал бир канча убакыттан бери Франциянын Страсбург шаарында жолугушууларды өткөрүп жаткан. Кечки сааттарда Түркияга кайткан Байкал түн жарымында жогорку температура менен Анкарада менчик ооруканага жаткырылды. Биринчи жардамдан кийин Анкара университетинин Ибн – и Сина ооруканасына жиберилген Дениз Байкал бул жерде дарыланды.

79 жаштагы Дениз Байкалдын оор грип жана окклюзи деген диагноз менен реанимацияда жаткандыгы билдирилди.

Президент Эрдоган Анкара университетинин ректору Эркан Ибишке телефон чалып Байкалдын саламаттыгы тууралуу маалымат алды.



Тектеш кабарлар