Качкын-көчмөндөр кармалды
Коопсуздук күчтөрү качкын-көчмөндөргө карай операция жүргүзүштү
Измирде жүргүзүлгөн 5 башка операцияда мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган 244 баш калкалоочу кармалды. Коопсуздук күчтөрү качкын-көчмөндөргө карай операция жүргүзүштү.
Бир тараптан Эдирнеде мыйзамсыз жолдор менен Греция жана Болгарияга барууга аракет кылган 109 качкын-көчмөн да кармалды.
Коопсуздук күчтөрү, аймакка караштуу Орхание, Йеникадын жана Боснакөй менен Хавса, Узункөпрү, Мерич жана Ипсала райондорунда Греция менен Болгарияга мыйзамсыз жолдор менен барууга аракет кылган Сирия, Пакистан, Ооганстан, Иран улутундагы качкын-көчмөндөрдү аныкташты.
Кармалган баш калкалоочулар Эдирнедеги Миграция директорлугуна алып барылды.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.