Эрдоган Нови Пазарда элге кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен барган Сербияда Нови Пазар мэриясынын алдында элге кайрылды.

825102
Эрдоган Нови Пазарда элге кайрылды

Эрдоган расмий сапар менен барган Сербияда Нови Пазар мэриясынын алдында элге кайрылды.

Сербиянын ар башка шаарларынан президент Эрдоганды көрүш үчүн Нови Пазарга чубаган миңдеген киши шаардын көчөлөрүн жык жыйма толтурду.

7 жылдык мөөнөттөн кийин Нови Пазарга барган президент Эрдогандын сапары бошнак калкы жыш жашаган шаарда кудум эле майрам атмосферасын жаратты.

Шаардын ар тарабына «Түркия!», «Нови-Пазарга кош келдиңиз!» плакаттары жана Түркиянын желектери илинип, эл президент Эрдоганды көрүш үчүн терезелерге жана бийик имараттардын чатырларына чыкты.

Шаардын аянтында курулган сахнанын чөйрөсүн толтурган калың эл, колдорунда Түркиянын желекетри менен катар Сербия жана Санжак желектерин да көтөрүп жүрүштү.

Нови Пазарга Сербиянын президенти Александр Вучич менен барган президент Эрдоган, Нови Пазар мэриясынын алдында курулган сахнада өзүн көргөнү шаарга келгендерге кайрылды.

Бул жердеги сөзүндө биримдик жана ынтымак билдирүүлөрүн айткан Эрдоган, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүн (ФЕТӨ/ПДЙ) Түркияда болгону сыяктуу Балкан өлкөлөрүнөн да сууруп чыгара тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар