АКШ менен болуп жаткан келишпестик күч албайт
Премьер - министр Бинали Йылдырым АКШ менен байланыш каналдарынын ачык экендигин айтты.
824467
Премьер - министр Бинали Йылдырым АКШ менен болуп жаткан келишпестиктин күч албай тургандыгын, байланыш каналдарынын ачык экендигин айтты. Премьер - министр Йылдырым кечээ Түркия Улуттук Парламентинде журналисттердин : «Кризис күч алабы?», - деген суроосуна : «Күч албайт»,- деп жооп берди.Премьер - министр : «Каналдар ачыкпы» ,- деген суроого : «Ачык. Тийиштүү кишилер арткы планда иштеп жатышат»,- деди.
Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш да журналисттердин берген суроосу боюнча Сирия кризисин чечүү максатында Астана процесси башталгандан бери АКШ менен карым – катнаштарда келишпестиктин бар экендигин эске салып : «Популисттик кыймылдардан алыс туруу керек. Маселени оптимисттик жана тынчтык менен чечүү керек»,- деди.