Силопи - Хабур аймагындагы машыгуу

8 -  сентябрда Шырнактын Силопи районундагы Хабур чек ара капкасына жакын жерде баштатылган машыгуу улантылууда.

824163
Силопи - Хабур аймагындагы машыгуу

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 18 -  сентябрда Шырнактын Силопи районундагы Хабур чек ара капкасына жакын жерде баштатылган машыгуу улантылууда.

Ирак чек арасындагы Хабур чек ара капкасына 3 километрдик аралыкта фуралар паркынын маңдайындагы аянтта 7 -  корпустун командири генерал  - майор Синан Яйла башкаруусунда, 28 -  техника бригадасынын командири, генерал Ахмет Курумахмуттун командирлигинде жүргүзүлгөн машыгуу Ирак куралдуу күчтөрүнүн катышуусу менен улантылууда.

Ок өткөрбөс унаалар катышпаган машыгууда Ирак жана түрк аскерлери, буктурмаларды колго түшүрүү, душмандын огунан коргонуу боюнча машыгуулар өткөрүлдү. Машыгуудан кийин аскерлер бөлүктөрүнө кайтышты.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 18 -  сентябрдан баштап Силопи – Хабур аймагында аткарылган машыгуунун үчүнчү бөлүгүнүн 26 -  сентябрда башталгандыгы жана бул баскычтын аймакка келген Ирак куралдуу күчтөрүнө караштуу бөлүк жана элементтердин да катышуусу менен биргелеше жүргүзүлөрү белгиленген.

 

 



Тектеш кабарлар