Венесуэланын мамлекет башчысы Түркияда

Президент Эрдоган менен Мадуро эки өлкөнүн карым – катнаштары тууралуу сүйлөшүп, аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушат.

821332
Венесуэланын мамлекет башчысы Түркияда

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро Түркияда. 

Венесуэла Боливариа республикасынын президенти Николас Мадуро Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман менен жолугушту. 

Мадуро Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмдүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылы учурунда парламенттин Ф - 16 учактары тарабынан бомбаланган бөлүгүн кыдырып көрдү. 

Николас Мадуро расмий сапардын негизинде президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынат.

Президент Эрдоган менен Мадуро эки өлкөнүн карым – катнаштары тууралуу сүйлөшүп, аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушат.

Эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө энергетика боюнча кызматташтык жана соода болуп бир топ тема каралат.

Сапардын негизинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жетекчилигинде Биргелешкен Кызматташтык Комиссиянын экинчи жыйыны да өткөрүлөт.

Эрдоган менен Мадуро акыркы болуп сентябрь айында Астанада өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинде жолугушкан болчу.

 



Тектеш кабарлар