Мадуро Түркияга келет
Мадуро президент Эрдоган менен жолугат
821007
Венесуэла Боливар Республикисынын Президенти Николас Мадуро Түркияга расмий сапар менен келет.
Президенттиктин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Мадуро 5-6-октябрда Түркияда болот.
Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Мадуро, эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларда Түркия-Венесуэла карым-катнаштарын сүйлөшүп, аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашышат.
Бул учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде Биргелешкен кызматташтык комиссиясынын экинчи жыйыны да өткөрүлөт.