Хабур чек арасында машыгуу

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Шырнактын Силопи районундагы Хабур чек ара капкасында башталган машыгуу ирактык аскерлердин да катышуусу менен уланууда.

819486
Хабур чек арасында машыгуу

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Шырнактын Силопи районундагы Хабур чек ара капкасына жакын жерде 18-сентябрда башталган машыгуу ирактык аскерлердин да катышуусу менен уланууда.

Ирактын чек арасындагы Хабур чек ара капкасында орто эсеп менен 3 чакырым аралыкта фура токтоочу жайдын маңдайындагы аянтта 7-корпустун командачысы, генерал-лейтенант Синан Йайла, өткөрүү жана башкаруусунда 28-механикалык бригаданын командири, генерал-майор Ахмет Курумахмуттун буйругунда жүргүзүлгөн машыгуу, Ирактын куралдуу күчтөр бөлүктөрүнүн да катышуусунда уланууда.

Аянтка зооттолгон унаалар менен өткөрүлгөн түрк жана ирактык аскерлер, машыгуунун талабы боюнча орчундуу бир комплекстин курчалышы жана каратылышы максатында душмандын бөлүктөрүнүн айланасын курчады, андан соң зооттолгон унаалардан түшүп буталарды көзөмөлгө алды.

Машыгуунун алкагында аянтта мина издөө жасалып жатканда жаракат алган аскерлердин зооттолгон тез жардам унаасы менен окуя болгон жерден ташылышы да аткарылды.

Түрк жана ирактык аскерлер машыгуудан кийин зооттолгон унаалар менен бөлүктөрүнө кайра кайтты.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 18-сентябрдан баштап Силопи/Хабур аймагында башталган машыгуунун үчүнчү баскычынын 26-сентябрда башталганын, машыгуунун бул баскчынынын аймакка келген ирактын куралдуу күчтөрүнө караштуу бөлүк жана элементтердин катышуусунда биргелешип жүргүзүлө турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар