Түркияда Парламент кезектеги мыйзам чыгаруу жылын баштады
Парламент, абдан тыгыз күн тартиби болгон 26-чакырылыш 3-мыйзам чыгаруу жылын баштады.
Түркия Улуу Улуттук Жыйыны (ТУУЖ) жаңы мыйзам чыгаруу жылын бүгүн баштады.
Быйыл 27-июлда эс алууга чыккан Парламент, абдан тыгыз күн тартиби болгон 26-чакырылыш 3-мыйзам чыгаруу жылын баштады.
ТУУЖдун жалпы кеңеши парламент төрагасы Исмаил Кахрамандын жетекчилигинде чогулду. Кахраман, чогулушту ачкандан кийин сунуш сөзүн сүйлөдү. Андан соң президент Режеп Таййип Эрдоганды Жалпы кеңешке чакырды.
Боштондук гимнинин ойнолушунан кийин Эрдоган, мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш сөзүн сүйлөдү.
Парламенттин мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш программасынын алкагында кечинде ТУУЖдун азем өтүүчү залында рецепсия берилет.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.