Аймагыбызды отко түртүүгө эч кимдин акысы жок

Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Эрдоган, делегациялар аралык жана өз алдынча жолугушууларды өткөргөн соң биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

816491
Аймагыбызды отко түртүүгө эч кимдин акысы жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия менен болгон карым-катнаштардын улам күчтөнүп уланышына ыраазы экенин айтты.

Иш сапары менен борбор калаа Анкарага келген Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Эрдоган, делегациялар аралык жана өз алдынча жолугушууларды өткөргөн соң биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Аймактык жана эки тараптуу карым-катнаштарды карагандарын белгилеген Эрдоган, эки тараптуу карым-катнаштардын негизги бөлүгүн соода жана туризм түзгөнүн белгилеп кетти.

Бул эки сектордогу көрсөткүчтөрдө жылдын алгачкы 7 айында олуттуу өсүүгө жетишкендерин белгилеген президент Эрдоган, "Түрк агымы" жана" Аккуюу станциясы" сыяктуу энергетика долбоорлорунда белгиленген айрым аксоолордун ылдам түрдө жоюла турганын баса белгиледи.

Орусия менен «Сирия жана Ирактын жеринин бүтүндүгү темасында бирдей көз караштабыз»,-деген Эрдоган, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) бардык эскертүүлөргө карабастан дүйшөмбү күнү мыйзамсыз референдум өткөргөнүн эске салып, мындан жаман жаңылыштыктардын алдын алуу керектигин айтты.

Эрдоган: «Аймагыбызды отко түртүүгө эч кимдин акысы жок»,-деди.

Путин менен Сириянын Идлиб шаарында түзүлгөн ок атышпоочулук аймагындагы иштерди карагандарын белгилеген Президент, Сирия кризисине саясий чечүүчү жолду табыш үчүн кызматташууларды улантуу темасында макулдашкандарын маалымдады. Президент Эрдоган, келечекте Москва бийлиги менен Сирияга байланыштуу кызматташтык жана жолугушуулардын арта турганынын да белгисин берди.

Конок президент Владимир Путин болсо, Эрдоган менен эки тараптуу жана аймактык темаларды чынчыл жана конструктивдүү түрдө карагандарын баса белгиледи.

Эрдоган менен Сирия кризиси тууралуу айдын башында уюштурулган 6-Астана саммитинде жетишилген жерге баа бергендерин белгилеген Путин, белгиленген ок атышпоочулук аймактарында болуп жаткан кыйынчылыктарды жана буларды жоюунун жолдорун карап чыккандарын айтты.

Владимир Путин: «Бул коопсуз аймактардын демилгесин көтөрүү май айында урматтуу Эрдоган менен Сочиде болгон жолугушууда ортого салынды. Бул коопсуз аймактардын жүзөгө ашырылышы боюнча иштер абдан талаал болду. Керек болсо Сириядагы кагылышуулардын тараптары үчүн, керек болсо Астана процессинин кепил өлкөлөрү катары Орусия, Түркия жана Иран жагынан да татаал болду. Бирок бардык татаалдыктарга карабастан маанилүү ийгиликке жетиштик. Бул ийгилик өзгөчө досум урматтуу Эрдогандын демилгелери жана эркинен улам мүмкүн болду»,-деди.

Орусиянын мамлекет башчысы бул аймактагы тууган менен туугандын ортосунда болгон согуштун аякташы, террористтердин жок кылынышы үчүн жумшалган аракеттердин колдоого алынышы керектигин  белгилеп өттү.

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ)  дүйшөмбү күнкү мыйзамсыз референдумуна байланыштуу мамилелери туурасында Путин, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин мындан мурда жасаган «Ирактын жеринин бүтүндүгүн урматтайбыз» деген жарыясына шилтеме кылды.

Жылдын 7 айында эки тараптуу соода көлөмүнүн маанилүү өлчөмдө жогорулаганын белгилеген Путин, быйыл Түркияга келген орус турист санынын да 11 эсе көбөйүп 2,5 миллиондон ашканына көңүл бурду.

Эрдоган менен энергетика тармагындагы учурдагы долбоорлордун абалын да сүйлөшкөндөрүн белгилеген Орусиянын лидери, булардын толук түрдө ишке ашырылышы үчүн  бирдей көз карашта болгондорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар