Путин Түркияга келди

Орусиянын президенти Владимир Путин, Президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу өткөрүүдө.

816435
Путин Түркияга келди

 

Орусиянын президенти Владимир Путин, иш сапары менен Түркияга келди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, орус кесиптешин Президенттик комплексине келдигинде салтанаттуу азем менен тосуп алды.

Эки лидер андан соң делегациялар аралык жана өз алдынча жолугушууларды өткөрүү үчүн имаратка кирди.

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) дүйшөмбү күнү өткөргөн мыйзамсыз референдуму, Сирия кризисинин чечилиши үчүн таштала турган кадамдар сыяктуу аймактык темалар менен катар соода-сатык жана коргонуу сыяктуу эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу темалар да каралат.

Орус лидер 2015-жылы 24-ноябрда чек араны бузган Орусиянын учагынын Түркиянын  F-16 учактары тарабынан атылып түшүрүлүшүнөн кийин курчуган абалдардын 2016-жылы 15-июлундагы Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетине каршы Анкара бийлигине көрсөткөн колдоосу менен оңолгонунан бери экинчи ирет Түркияга келди.



Тектеш кабарлар