Путин бүгүн Түркияга келет

Путин Анкарада президент Эрдоган менен жолугат

815934
Путин бүгүн Түркияга келет

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Түркияга келет.

Путин Анкарада президент Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушат.

Казакстандын борбор шаары Астанада айдын башында белгиленген «Сирияда коопсуз аймактар” темасын кеңири карай турган эки лидер, өз ара алакаларды да талкуулашат. Бул жерде эң негизги тема, Халебден качкан жарандар баш калкалаган Идлиб шаары болот.

Жолугушууда Ирактын түндүгүндө жекшемби күнү өткөрүлгөн мыйзамсыз референдум да каралат. Мыйзамсыз элдик добуш берүүгө орус бийлиги да каршы экенин билдирген болчу.

Ошондой эле Орусиядан 2 жылдын ичинде сатып алынышы пландалган С-400 ракеталык коргонуу системасы, орус газын Түркия аркылуу Европага ташый турган «Түрк агымы» газ куууру жана Аккую атомдук станция долбоорлору да эки лидердин сүйлөшө турган темаларынын арасында.



Тектеш кабарлар