Орусиядан С-400 ракеталары качан келет?
Президент Режеп Таййип Эрдоган өткөн аптада Рейтерске бул темада маалымат берген.
Түркиянын Орусиядан ала турган С-400 ракеталарынын 2 жылдын ичинде тапшырыла турганы жарыяланды.
Коргоо өнөр жайы кеңешчиси проф.др.Исмаил Демир: «С-400 ракеталарынын тапшырылышы эң көп 2 жылда башталат»,-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын өткөн аптада Рейтерске берген маалыматында, Орусиядан С-400 ракета алынышы боюнча суроого жооп иретинде, келишим түзүлгөнүн жана жол картасынын белгиленгенин маалымдаган.
Эрдоган буларды айтты: «Орусиядан бул темада терс мамиле болмоюнча биз муну алууда чечкиндүүбүз, бирок муну да айта кетейин; мисал үчүн Грецияда С-300дөр бар. Ошондо НАТО дагы НАТОго мүчө берки өлкөлөр дагы С-300дөр туурасында эч нерсе айтышкан эмес».
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.