Диндерге кол салуунун ордуна террордук уюмдардын идеологиясы жок кылынышы керек

Оңой жол тандалып мусулмандарга жана Исламга кол салынууда

811237
Диндерге кол салуунун ордуна террордук уюмдардын идеологиясы жок кылынышы керек

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, диндерге кол салуунун ордуна террордун негизги себептери менен идеологиясынын жок кылынышы керектигин айтты.

Чавушоглу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын алкагында Нью-Йоркто өткөрүлгөн Терроризмге каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк форумдун 8-министрлер жыйынында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу: «ДЕАШ жана буга окшогон уюмдардын идеологияларын жок кылынуунун ордуна оңой жол тандалып мусулмандарга жана Исламга кол салынууда. Мьянмада болуп жаткандар үчүн буддизмди же буддисттерди күнөөлөп, аларга кол сала албайбыз. Диндерге кол салуунун ордуна террордун негизги себептери менен идеологиясын жок кылышыбыз керек»,-деди.

Чавушоглу, террорго каршы күрөшүүдө террордук уюмдарга колдоо көрсөтүп беркисин жеңүү түшүнүгүнүн ийгиликтүү болбой турганын баса белгилеп, буларды айтты: «Террордук уюмдардын идеологияларын жок кылуубуз керектигин унутпайлы бирок муну көрө албай жатабыз. Өзгөчө Европада, Европа Парламентинде, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн арасында Марксизм, Коммунизм сыяктуу бирдей идеологияны бөлүшкөндөрү үчүн айрым террордук уюмдарды колдогон партиялар жана саясатчыларды көрүп жатабыз. Европада кээ бир саясатчылардын ПКК террор уюмун террор тизмесинен чыгарууга аракет кылып жатканын көрүүдөбүз. Бул кабыл алынгыс»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар