Түркия Европа менен маселеге туш болууну каалабайт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан, Президенттик комплексиндеги жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

807538
Түркия Европа менен маселеге туш болууну каалабайт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Европа менен маселеге туш болууну каалабаганын айтты.

Чавушоглу жана расмий сапар менен Түркияга келген Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан, Президенттик комплексиндеги жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Франция менен Түркиянын ортосундагы урмат-сыйлуу диалогго ыраазы болгондорун айтып, конок министр менен болгон жолугушууларында экономика, энергетика жана 2 өлкөнүн ортосундагы инвестициялардын арттырылышы темаларын карап чыккандарын айтты.

Түркиянын ЕБ өлкөлөрү жана материги менен кандайдыр бир кыйынчылыгы болбогонуна көңүл бурган Чавушоглу, «Европанын жамандыгы биздин жамандыгыбыз. Европанын ырааттуулугу биздин ырааттуулугубуз, коопсуздугубуз болуп саналат»,деген серебин салды.

Министр Чавушоглу: «Европа менен маселеси болгон өлкө болгубуз келбейт. Мажбурлоолорго жана кош стандарттарга да моюн сунган өлкө жана улут да эмеспиз. Европага муну түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз;бизге карата болгон мамилеңизди сиз эми өзгөртүшүңүз керек. Бизди тең ата өнөктөш катары карамайынча, стандарттарда, башка темаларда да бөлүүчүлүк болсо анда бекем карым-катнаш болбойт»,-деп айтты.

Конок министр Ле Дриан, президент Режеп таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынды.



Тектеш кабарлар