Түркия Ирактын Күрт аймактык башкаруусун эскертти
Түркия, Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрда көз карандысыздык үчүн элдик добушка баруусунун чыгымы боло турганы туурасында эскертти.
Түркия, Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрда көз карандысыздык үчүн элдик добушка баруусунун чыгымы боло турганы туурасында эскертти.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында «Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун оң багыттагы бардык досчо сунуштарга карабастан, референдум өткөрүү боюнча мамилесинде көөшөрүүсүнүн сөзсүз бир чыгымы боло турганын эске алышы керектигин баса белгилейбиз»,-деп айтты.
Анда мындай делди: «Ирактын өкүлдөр палатасынын референдумдун мыйзамсыз боло турганы жөнүндөгү токтомун ыраазычылык менен кабыл алабыз. ИКАБдын жетекчилеринин элдик добуш өткөрүү боюнча көөшөрүүсү санааркатат. Жаңылыш кыймылынан баш тартуулары керек. ИКАБдын оң багыттагы бардык досчо сунуштарга карабастан, референдум өткөрүү боюнча мамилесинде көөшөрүүсүнүн сөзсүз бир чыгымы боло турганын эске алышы керектигин баса белгиледик».
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.