Түркия рохинжа мусулмандарынын кыйынчылыктарын азайтууда маанилүү роль ойноду

Мьянма жана Бангладештеги Рохинжа коомдору биримдигинин төрагасы Селаметуллах Хамид, Түркиянын жардамдары өзгөчө болгонун белгилеп өттү.

805761
Түркия рохинжа мусулмандарынын кыйынчылыктарын азайтууда маанилүү роль ойноду

Мьянма жана Бангладештеги Рохинжа коомдору биримдигинин төрагасы Селаметуллах Хамид, Түркиянын аракандык мусулмандардын кыйынчылыктарын азайтууда маанилүү роль ойногонун айтты.

Хамид: «Түркия бул темада күчтүү жана көңүл буруучу роль ойноду. Өзгөчө президент Режеп Таййип Эрдогандын рохинжа мусулмандарына колдоо көрсөткөн мамилеси дүйнөдөгү берки тараптарды артка калтырды»,-деди.

Түркиянын иш-аракеттерине көңүл бурган Хамид, Түркиядан жогорку рангадагы делегациянын Бангадешке жасаган сапарынын бул иш-аракеттерди так көрсөтүп турганын, ал жерде Мьянмадан качкан мусулмандарга жардам таратылганын жана маселенин чечилиши үчүн бангладештик жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшкөнүн белгилеп кетти.

Хамид, Мьянманын Аракан штатында эл аралык мекеме жана журналисттердин болбогонуна көңүл буруп, ишке ашырылган карартуунун себебинен Араканда болгондордун так түрдө билинбегенин баса белгиледи.

Хамид: «Эл аралык басма сөз рохинжалыктардын маселесине камераларын бурган жери жок. Анткени өлгөндөр мусулман. Эгерде абал мындай болбогондо мамлекеттер жарандарды коргош үчүн Мьянмага чуркамак»,-деп айтты.

Мьянма өкмөтүнүн мусулмандарга карата болгон тукум курут кыймылдарында буддист бандаларды колдогонун белгилеп, «Мьянмадагы маселе эң оболу диний маселе болуп саналат. Саясий жана экономикалык жактары жок эмес. Ал жердеги абал, ошондой эле түрдө уланат жана эл аралык коомчулук күчтүү позицияга өтпөсө, буддист күчтөр мусулмандардын бардыгын жок кылбастан же башка өлкөгө сүрүп чыкпастан жөн турушпайт»,-деп айтты.

Ислам өлкөлөрүн шашылыш түрдө аракандык мусулмандарга саясий, дипломатиялык жана экономикалык колдоо көрсөтүүгө чакырган Хамид, Ислам Кызматташтык Уюму, Перс Булуңу кызматташтык кеңешине да Рохинжа маселесинин БУУнун коопсуздук кеңешине алып чыгуу үчүн Батыштагы шериктештерине кысым көрсөтүү чакырыгын салды.



Тектеш кабарлар