Орусиядан С-400 ракеталары алынат

Эрдоган, Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити үчүн барган Казакстан сапарын аяктап Стамбулга кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

805307
Орусиядан С-400 ракеталары алынат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын С-400 ракеталарынын алынышы үчүн кол коюлганын белгилеп, «Менин билишимче алдын ала бир аз тыйын да берилди»,-деди.

Эрдоган, Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити үчүн барган Казакстан сапарын аяктап Стамбулга кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусиядан С-400 ракеталарынын сатылып алынышы тууралуу акыркы абалдын суралганы боюнча Эрдоган: «С-400 тууралуу жолдошторубуз кол коюшту. Менин билишимче бир аз да тыйын беришти. Түркия Республикасынын коргоо өнөр жайы же коргонуусуна байланыштуу көз карандысыздык принциптерин же көз карандысыздык чечимин чындыгында эч кимдин талашууга укугу жок. Биз өз көз карандысыздыгыбыз тууралуу чечимди өзүбүз чыгарабыз, өлкөбүздү коргош үчүн коргоо чараларын да, коопсуздук чараларын көрүүнү да өзүбүз чыгарууга милдеттүүбүз»,-деди.

Президент Эрдоган, учкучтуу же учкучсуз учкан учактарды өндүрө алган Түркиянын бул жол менен акыркы бир жуманын ичинде 90 террористти жок кылганын айтты.

Сирия кризисинин чечилиши үчүн жүргүзүлгөн Астана процессинин алкагында 14-сентябрда жаңы жыйналыш өткөрүлө турганын эске салган Эрдоган: «Учурда Идлибде Орусия менен мындан мурда макулдашканыбыз сыяктуу процессти иштетип жатабыз. Орусия менен бул темада арабызда кандайдыр бир дал келбөөчүлүгүбүз жок. Иран менен да болгон сүйлөшүүдө дал келбөөчүлүккө алып бара турган кандайдыр бир тема күн тартипке келген жок»,-деп айтты.

Эрдоган бир суроо боюнча Казакстан сапары убагында Сириянын президенти Башар Асад тууралуу сүйлөшүү болгону жөнүндөгү айтымдарга, «Сүйлөшкөн жокмун. Сүйлөшүү ниетим да жок»,-деп жооп берди.

Германия менен болгон кризис тууралуу келип жеткен жердин «жаңылыш мамилелеринин себебинен немис өкмөтүнө таарынычтан турганын» белгилеген президент, немис калкы менен эч кандай маселеси болбогонун баса белгиледи.

Германиянын террорду баш калкалаткан позициясынын кабыл алынгыс экенин баса белгилеген Эрдоган: «Кол салууларды,чагымчылыктарды уланткан учурунда, Түркия Республикасы мамлекети катары албетте намысыбыздан баш тартпайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар