Эгей деңизинде бозгундар кармалды

Алардын арасында аялдар жана балдар да бар

804660
Эгей деңизинде бозгундар кармалды

Эгей деңизинде мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган Сирия улутундагы 46 киши кармалды.

Алардын резина кайык менен Чешме районунун Караабдуллах кысыгынан Грециянын Сакыз аралына өтүү үчүн сапар тартканын уккан жээк коопсуздугун сактоочу кызматкерлер операция жүргүзүштү.

Кызматкерлер кайыктагы аялдар жана балдар да арасында болгон сириялыктарды кармады.

Чешме портуна алып барылган бозгундар Миграция директорлугуна тапшырылды.

Коопсуздук күчтөрү, мыйзамсыз өтүүнү уюштургандарды кармоо үчүн аракет кылып жатат.



Тектеш кабарлар