Германиянын шайлоосу Германияда өтөт, Түркияда эмес...

Чавушоглу Словенияда өткөн 12-Блед стратегиялык форумуна катышып, «Жаңы чындык үчүн жаңы көз караш» темасы менен өткөрүлгөн диспутта катышуучуларга кайрылды.

801079
Германиянын шайлоосу Германияда өтөт, Түркияда эмес...

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү борбордук партиялардын бирдей эле жикчилдик тил колдонушканын айтты.

Чавушоглу Словенияда өткөн 12-Блед стратегиялык форумуна катышып, «Жаңы чындык үчүн жаңы көз караш» темасы менен өткөрүлгөн диспутта катышуучуларга кайрылды.

Диспуттун башында Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси тууралуу Германиядагы талаш-тартыштар туурасында узатылган суроого Чавушоглу, Германияда канцлер Ангела Меркель менен Социал деморкат партиясынын канцлерликке талапкери Мартин Щульцтун ортосундагы дебатта ички маселелерге караганда президент Режеп Таййип Эрдоган жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын аты дагы көп айтылганын белгилеп өттү.

Айрым ЕБ өлкөлөрүндө популизмдин жогорулугуна көңүл бурган Чавушоглу, мунун себебинин да радикалдык партиялардын күчтөнүшү, буга байланыштуу түрдө борбордук партиялардын күчүн жоготушу экенин белгиледи.

Борбордук партиялардын жикчил партияларга ошондой эле сөздү колдонуп алдырып жиберген добуштарын кайтарып алгысы келгенине токтолгон Чавушоглу: «Ошондуктан бир өзгөрүү бар. Тилекке каршы ЕБне мүчө өлкөлөрдөгү борбордук партиялар, ошондой эле жикчил тилди жана айтымдарды колдонушууда. Германиядагы шайлоо Германияда өтөт. Түркия же Венгрияда эмес, өз ички маселелерине көңүл буруулары дагы жакшы болот»,деген серебин салды.

ЕБне мүчөлүктүн Түркия үчүн дагы деле стратегиялык максат болгонун баса белгилеген Чавушоглу: «Түркиянын кандайдыр бир сүйлөшүү темасын ачуу жана жабуу менен техникалык маселелерди сүйлөшүү жана талкуулоодо эч кандай маселеси жок. Маселе биз туш болгон саясий тоскоолдуктар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар