Эрдоган Курман айт намазынан кийин журналисттерге маалымат берди

Эрдоган, Ислам дүйнөсүнүн Курман айтка маанайы пас киргенин айтты

799743
Эрдоган Курман айт намазынан кийин журналисттерге маалымат берди

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Ислам дүйнөсүнүн Курман айтка маанайы пас киргенин айтты.

Эрдоган Курман айт намазын Стамбулдагы «Азирети Али» мечитинде окуп, андан чыгып баратканда журналисттерге маалымат берди.

Ислам дүйнөсүндө болуп жаткан маселелерге токтолгон Эрдоган: «Бир тарапта Сирия жана Ирактагы кагылышуулар, экинчи тарапта Аракандагы кагылышуулар, өлкөбүздө террор менен күрөшүүлөр токтой элек. Булардын бардыгы кааласак да каалабасак да майрамды майрамдай өткөрүүгө тоскоол болду. Тигиндей же мындай албетте биз бул күрөшүүбүздү өлкөбүздүн ичинде жана чек араларыбыздагы кандайдыр бир коркунучка каршы чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Аракандын башкача бир апаатты камтыганын белгилеп: «20 миңдей карапайым калк айылдары жана үйлөрү кыйратылганы үчүн жерлерин таштап Бангладешке кетиши жана жүздөгөн Рохингия мусулманынын өлтүрүлүшү капага салууда. Булар бардык адамзаттын көз алдында болуп жатат, бирок тилекке каршы адамзат буларга кайдыгер калууда»,-деди.

Ислам Кызматтыштык Уюмунун кезектешкен жетекчиси катары Аракан темасында тийиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн баса белгилеген Эрдоган: «Ислам өлкөлөрүнүн лидерлери менен, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш менен сүйлөштүм. БУУнун Качкындар кеңеши жаатында да иш-аракеттерибизди жолдошторубуз улантууда. Биз да муну улантабыз»,-деп айтты. Франциянын президенти Эммануэль Макрондун айткандары тууралуу суроого Эрдоган мындай жооп берди: «Чынын айтканда мен Макрондун эмне дегиси келгенин чечмелегим келбейт. Аны урматтуу Макрондон сураш керек. Мен билген бир нерсе бар; жолугушуу талабын кылгандарына караганда, мен жолугушуу талабын четке какпаймын. Ал эми мен ал журналга берилген маекте терстик эмес, тескерисинче Түркия Республикасынын Президенти менен жолугушуунун алар үчүн оң баалуулук болооорун ойлоодомун».

АКШнын түрк жан сакчылар тууралуу айыптоо тыянагын кабыл алуусуна да сереп салган Эрдоган, бул өзүнчө эле чатак экенин айтты. Эрдоган: «БУУнун Башкы Ассамблеясына келген конокторду АКШнын коопсуздук топторунун коргоо жоопкерчилиги бар. АКШнын коопсуздук топтору бизди коргоо жоопкерчилигин орундатпай жатса, ал жерде бизге карай кол салуу аракетин кылган жикчил террор уюму ПККнын мүчөлөрүнө каршы менин жан сакчыларым коргоо жоопкерчилигин кылбайбы? Алар да бул кол салууларга каршы милдеттерин аткарышты. Ал жердеги прокуратура органы Обама мезгилинен калган жана бир прокурордун ушундай айыптоо тыянагын даярдоосу бизди баш ийдирбейт. Биздин мындан кийинки сапарыбызда мүмкүнчүлүк тапсак Трамп менен бетме-бет жолугушуу өткөрөбүз. Учурда Тышкы иштер жана Адилет министрликтерибиз тийиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. АКШдагы бул абалдар жакшы жосун эмес. Дагы деле Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) бандиттери коргоого алынган өлкө. АКШ, ПКК коргоого алынган өлкөгө айланды. Мен АКШнын бул абалдардын баарына карата эмне кылаарын түшүнүү кыйын болуп турат»,-деген серебин салды.



Тектеш кабарлар