Түркия Улуттук Парламентинин спикеринин майрамдык куттуктоосу

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман майрамдардын адамдардын бири бири менен жакындашуусуна себеп болгон ыйык күндөр экендигине көңүлдөрдү бурду.

799301

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Кахраман Курман айт майрамына карата куттуктоо жарыялады.

Курман айт майрамынын маңызында мусулмандардын орток баалуулугу болгон бөлүшүү, жардамдашуу жана тилектештик сыяктуу баалууктарды камтыгандыгын белгиледи.

Парламенттин спикери Исмаил Кахраман куттуктоосунда 15 -  июлга да басым жасады. Кахраман : «Өлкөбүздү келечекте ишеним ичинде жашай турган күчтүү мамлекет катары жашатуу баарыбыз үчүн улуттук милдет. Бул тууралуу эң чоң каалообуз 15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы көкүрөгүн тоскон улутубуз бар»,- деди.

Тектеш кабарлар