Эрдоган - Аббас жолугушуусу

Эрдоган : «Эки мамлекеттүү чечүүчү жол бир гана Палестинанын эле эмес, Израилдин да пайдасына»,- деди.

798213
Эрдоган  - Аббас жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Акса мечити  араздашуусу тууралуу оюн алгачкы күндөн бери айтып келгендигин жана маселенин чечилиши үчүн аракет кылгандыгын айтты.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас менен президенттик комплексте жолугушкан Эрдоган Израилдин басып алуу аракеттерин токтотуусу керектигине көңүлдөрдү буруп : «Эки мамлекеттүү чечүүчү жол бир гана Палестинанын эле эмес, Израилдин да пайдасына»,- деди.

Сүйлөшүүлөргө Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан менен президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да катышты.

Биргелешкен пресс  - жыйында палестинанын мамлекет башчысы Аббас да Түркиянын маселенин чечилиши жолунда көрсөткөн аракеттеринен улам президент Эрдоганга рахмат айтты. Махмут Аббас Палестина калкынын Газада бир мамлекеттин курулушун эч качан кабыл албай тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар