Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас Түркияда

Аббас жана коштоосундагы делегацияны Анкара Эсенбога аэропортунда билим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү тосуп алды.

797707
Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас Түркияда

Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келди. Аббас жана коштоосундагы делегацияны Анкара Эсенбога аэропортунда билим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү тосуп алды.

Палестинанын мамлекет башчысы Аббас 3 күндүк сапарынын негизинде президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушат.

Президенттик комплексте Аббас үчүн расмий тосуп алуу аземи да өткөрүлөт. Сүйлөшүүлөрдө Түркия менен Палестинанын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштар бардык тарабы менен каралат.

Айрыкча палестиналыктардын арасындагы макулдашуу жана тынчтык процессинин жанданрылышы темасына да токтолушат.



Тектеш кабарлар