Ирактын түндүгүндөгүлөр жаңылыш чечимден кайтышы керек

Сингапур жана Вьетнамдагы жолугушууларын аяктаган премьер-министр Бинали Йылдырым учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

796533
Ирактын түндүгүндөгүлөр жаңылыш чечимден кайтышы керек

Сингапур жана Вьетнамдагы жолугушууларын аяктаган премьер-министр Бинали Йылдырым өлкөгө кайтты.

Йылдырым кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Йылдырым, «Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун референдум өткөрүү чечими жоюлушу керек, бул жаңылыш жолдон кайтылыш керек»,-деди.

Фетуллахчы террор уюмунун 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин качкын шектүүсү Адил Өксүз  туурасында Германияга берилген нотага да токтолгон Йылдырым, «Чалгындоо маалыматтары бар, Германияга «маалыматтарга олуттуу карап, белгиленген учурунда кайра тапшырып бергиле деп жатабыз»,деген маалыматты берди.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Сириянын Африн жана Идлиб аймактарына ыктымалдуу операциялар темасында да эгемендүүлүк укуктарыбызга зыян тийгизген абалдарга эсеси менен жооп кайтарыла турганын айтты.

Премьер-министр Йылдырым, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДга курал жардамдары тууралуу айтымдар менен гана тим болуп калбагандарын белгилеп ар түрдүү чараларды көргөндөрүн да билдирди.

Өкмөт башчыга экономикадагы өнүгүүлөр да суралды.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Эл аралык Валюта Фондунун (IMF) отчетуна караганда Түркия Европанын 5-чоң экономикасы болгонун жана Испанияны артка калтырганын айтты.

Йылдырым, алдыбыздагы айларда күн тартиптин экономикага байланыштуу темаларга толо турганын эске салды.



Тектеш кабарлар