Эрдоган Маттиске эмне деди?

Эрдоган расмий сапар менен Анкарага келген Маттисти кабыл алды.

795702
Эрдоган Маттиске эмне деди?

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга колдоо көрсөтүлүшүнөн тынчсызданганын АКШнын коргоо министри Жеймс Маттиске билдирди.

Эрдоган расмий сапар менен Анкарага келген Маттисти кабыл алды.

Жолугушууда ПКК жана ДЕАШ сыяктуу террор уюмдары менен күрөшүү менен катар Ирак жана Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушу сыяктуу темалар каралды.

Президент Эрдоган, Сирияда террор уююму ПЙД/ЙПГга АКШ тарабынан колдоо көрсөтүлүшүнөн тынчсызданганын дагы бир жолу баса белгилеп, бул өлкөдө ДЕАШтан тазаланган отурукташкан жерлерде башкаруунун жергиликтүү калкка калтырылышы керектигине көңүл бурду.

Эрдоган, Сирияда коопсуз аймактар түзүлүүсүн максаттаган механизмдин колдоого алынышынын маанисине токтолду.

Президент, конок министрге Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун референдум өткөрүүсүнүн жаңылыш кадам болоорун да айтты.

Жолугушууда Иракта Кандил жана Синжардагы ПКК элементтерине каршы биргелеше күрөшүүнүн, коргоо өнөр жайы тармагында кызматташтыктын каралганын, Түркия жана АКШнын стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана НАТОдо эки маанилүү шериктеш өлкө экендиктеринин баса белгилегени маалым болду.



Тектеш кабарлар