Британия министринен Түркияга мактоо

Британиянын тышкы иштер министрлигинин Европадан жооптуу мамлекеттик министр Алан Дункан Түркиянын өлкөсү үчүн баш тартылгыс өнөктөш экендигин белгиледи.

790773
Британия министринен Түркияга мактоо

Британиянын тышкы иштер министрлигинин Европадан жооптуу мамлекеттик министри Алан Дункан Түркиянын өлкөсү үчүн баш тартылгыс өнөктөш экендигин белгилеп : «Өткөн жылы козголоң кыймылы менен түрк демократиясына карата коркунучтуу кол салууну дагы бир жолу айыптаймын. Жакын досу катары Британия демократияны коргоо аракеттеринде Түркияны колдоого даярбыз»,- деди.

Британия тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта кечээ кечинде Түркияга келген Дукандын сапарынын 17 -  августка чейин улантылары билдирилди. Маалыматта англис министрдин сапарынын негизинде өзгөчө билим жана технология тармагы башта болуу менен Англия  - Түркиянын ортосундагы кызматташтыкка көңүл бурулары белгиленип, Британиянын азыркы учурда Түркиядагы эң чоң эки тараптуу илимий кызматташтык программасы 4 миллион стерлинг бюджеттүү Ньютон фондун колдоодон сыймыктангандыгы белгиленди.

Анкара менен Стамбулда өкмөт жана негизги оппозициянын жетекчилери, Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери жана журналисттер менен жолугушары белгиленген Дункандын Түркиядагы жолугушуу процессинде айрыкча сириялык балдардын дагы жакшы билим алышы үчүн Британия финансылаган адам укуктары уюмунун мүчөлөрү менен да жолугушары билдирилди. Министр Дункан акыркы бир жылда Түркияга 4 жолу сапар менен келди.

 



Тектеш кабарлар