Террор менен күрөш үзгүлтүксүз улантылууда

Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоо аянттарынан качкан ПККнын 6 террористти коопсуздук күчтөрүнө багынды.

786846
Террор менен күрөш үзгүлтүксүз улантылууда

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Муштун Шеняйла аймагында кол салуу үчүн даярдангандыгы аныкталган ПКК жикчил террордук уюмдун террористтерине абадан операция жүргүзүлдү.

Операциядан кийин изилдөө иштеринде 2 террористтин өлтүрүлгөндүгү белгиленди. Шырнактын Силопи районунда болсо Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоо аянттарынан качкан ПККнын 6 террористти коопсуздук күчтөрүнө багынды.

Мардиндин Даргечит аймагында жүргүзүлгөн изилдөө иштеринде көп сандаган жарылуучу зат жана оор курал ок  - дарылары колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар