Түркияда жаңы күч командирлери белгиленди

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Жогорку аскердик кеңештин токтомдору тууралуу маалымат берди.

782848
Түркияда жаңы күч командирлери белгиленди

Жогорку аскердик кеңеш премьер-министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде Чанкая сарайында 4 саатка созулган жыйналыштын акырында жаңы күч командирлерин белгиледи.

Жогорку аскердик кеңештин токтомдоруна ылайык маалымат берген Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Кургактык күчтөрү командирлигине жандармериянын башкы командири, армия генералы Яшар Гүлердин, Деңиз күчтөрү командирлигине деңиз күчтөрүнүн штаб башчысы корпус адмиралы Аднан Өзбалдын, Аба күчтөрү командирлигине согуштук аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүздүн дайындалганын жарыялады.

Ибрахим Калын, Президенттик комплексинде уюштурган маалымат жыйынында Жогорку аскердик кеңештин кезектеги жыйналышында Түрк куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн генерал, адмирал жана полковниктерден даражасы жогорулай тургандар, кызмат мөөнөтү узартыла тургандар, штат жоктугунан жана жашынан улам ардактуу эс алууга чыгарыла тургандардын абалдары сүйлөшүлүп президент Режеп Таййип Эрдогандын бекитүүсү менен токтом чыгарылганын белгиледи.

Ибрахим Калын, 30-августтан баштап жарактуу болгудай түрдө 6 генерал/адмиралдын бир жогорку даражага, 61 полковниктин болсо генерал/адмиралдыкка жогорулатылганын, 8 генерал/адмиралдын кызмат мөөнөттөрүнүн бир жылга, 159 полковниктин кызмат мөөнөтүнүн болсо эки жылга узартылганын айтты.

30-августтан тарта даража күтүү мөөнөтүн толтурган 28 генерал/адмирал менен 107 полковниктин штаттын жоктугу, бир адмиралдын болсо жашы толгондуктан 1-сентябрдан тарта ардактуу эс алууга чыгарылганын маалымдады.

Ибрахим Калын, 30-августтан тарта Кургактык күчтөрү командири, армия генералы Зеки Чолак, Деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Режеп Бүлент Бостаноглу, Аба күчтөрү командири, армия генералы Абидин Үналдын кызмат мөөнөттөрүн аяктагандарын белгилеп, кылган эмгектери үчүн үч командирге ырахматын айтты.



Тектеш кабарлар