Палестинанын Стамбул консулдугу ачылды

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Ал Малики : «Түркиянын Плаестинанын доосуна колдоо берүүсүнө ыраазычылык билдиребиз»,- деди.

782375
Палестинанын Стамбул консулдугу ачылды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу палсетиналык кесиптеши Рияд Ал Малики менен Палестинанын Стамбул башкы консулдугунун Эйүптеги ачылуу аземине катышты. Мевлют Чавушоглу Палестина меселесинин чечилиши үчүн Израилдин тынчтыкчыл жол көрсөтүшү керектигин айтты.

Чавушоглу : «Эки мамлекеттүү чечүүчү жол, көз карандысыз Палестина мамлекетинин 1967 – жылдан мурунку чек арасына кайтуу жана Чыгыш Иерусалимдин Палестинанын борбор шаары болушу, Палестинанын ушул алкакта диалог жана чечүүчү жолго даяр экендигин билебиз. Ошол эле түшүнүктү Израиль да көрсөтүшү керек»,- деди.

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Ал Малики да : «Түркиянын Плаестинанын доосуна колдоо берүүсүнө ыраазычылык билдиребиз»,- деди.

Палестинанын тышкы иштер министри : «Ислам Кызматташтык Уюмунун алкагында ислам дүйнөсүн Иерусалимде Акса мечитиндеги момундарга колдоо берүүлөрү үчүн кыймылга өткөрүүгө аракет кылдык. Эми болсо Стамбул башкы консулдугубуздун ачылышы үчүн бул жердебиз. Бул да эки өлкөнүн арасындагы атайын жана өнүккөн карым – катнаштардын көрсөткүчү. Стамбулда бүгүн атайын Палестина күнү»,- деди. Ачылышка Палестинанын Анкарадагы элчиси Фуад Мустафа, Палестинанын Стамбул консулу Абдүлкерим Ел Хатип,  Стамбулда жашаган палестиналыктар менен бир топ өлкөнүн Стамбулдагы миссия шефтери катышты.



Тектеш кабарлар