«ДЕАШ менен күрөшүү» деген аталыштын астында ар түрдүү аймактык саясаттар жүргүзүлүүдө

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, жеке менчик телеканалда күн тартипке сереп салды.

781284
«ДЕАШ менен күрөшүү»  деген аталыштын астында ар түрдүү аймактык саясаттар жүргүзүлүүдө

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Жакынкы Чыгышта «колдонсо боло турган инструментке» айланган террор уюму «ДЕАШ менен күрөшүү» деген аталыштын астында ар түрдүү аймактык саясаттардын жүргүзүлө баштаганын айтты.

Ибрахим Калын, Сириядагы согуштун 6 жылдык өткөнүн карап көрсөк коньюктуралык кыймылдуулуктардын болушунун адатка  айланганын белгилеп кетти.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, жеке менчик телеканалда күн тартипке сереп салды.

Ибрахим Калын, Сириядагы согуштун 6 жылдык өткөнүн карап көрсөк коньюктуралык кыймылдуулуктардын болушунун адатка  айланганын айтты. Башынан бери ДЕАШ менен күрөшүү стратегиясында бир канча негизги жаңылыштыктар болгонун белгилеген Калын: «Учурда ДЕАШ менен күрөшүү боюнча атайын өкүл киши да ал мезгилден калып кызматын уланткан кызматкер жана убак-убагы менен анын ПЙД, ЙПГ менен сүйлөшүүлөрү, алар менен түшкөн фотосүрөттөрү, алар менен жолугушуулары медиага чагылышууда. Расмий жолугушуулардын алкагында Түркияга да келүүдө, делегациялардын алкагында. Бул акыркы Middle East Instituteда жасаган баяндамасы биз үчүн кабыл алынгыс нерсе. Идлибдеги бул террор уюму түзүмүнүн Түркия менен байланыштырылууга аракет кылынышы, ушундай айтымда болушу кабыл алынгыс нерсе. Эмне үчүн? Идлиб биздин көзөмөлүбүздө эмес. Б.а. Идлибди текшерип турган бир канча күчтөр бар болсо, ал жерде болуп жаткандар эмне? Алар ЙПГ (Идлибде эмес, бирок Идлибдин чөйрөсүндө орун алган), америкалыктардын белгилүү күчтөрү бар, орустардын белгилүү күчтөрү бар, режим бар ал жерде»,-деди.

Жакынкы Чыгышта бир жерде иштер начар жүрүп жатса эле ал үчүн жамандаганга бирөөлөр изделгенин белгилеген Калын, сөздөрүн мындай улады: «Сирияда иштер жаман жүрүп жатса эле дароо Түркия алдыңкы планга чыгарылат. Эстеп көрсөңүздөр мындан 1-1,5 жыл мурда тынымсыз Түркиянын чет элдик террорист согушкерлерди өткөрүп турганы, ал эмес ДЕАШтан мунай зат алганы, тиги же муну кылганы, ДЕАШ террористтеринин Түркияга алып келинип дарыланганы сыяктуу негиздүү эч бир жагы жок, эч бир далили жок айтымдар жайылып турду. Булардын эч бирин дагы далилдей алышкан жок. Мындайча айтканда Американын алдыңкы медиа мекемелери «Нью-Йорк Таймс», «Вашингтон Пост» сыяктуу олуттуу экендиги айтылган гезиттер буларды жазып чыкты. Натыйжада бир далил ортого сала алыштыбы? Жок. Мунай затты ким алыптыр, кайдан алыптыр, кайсы чет элдик террорист согушкерге уруксат берилиптир?».



Тектеш кабарлар