Измир жандармериясы 645 чет өлкөлүктү кармады

Жандармерия тобу, соңку аптада мыйзамсыз жолдор менен чек араны кесип өтүүгө аракеттенген 645 чет өлкөлүктү колго түшүрдү. Уюштуруучу болгондорун айткан жети киши кармалды.

781024
Измир жандармериясы 645 чет өлкөлүктү кармады

Измир жандармерия командирлигинин тобу, деңиз жолу аркылуу Европа өлкөлөрүнө өтүүгө аракеттенген мыйзамсыз качкындар менен күрөшүүгө 24-31-июль күндөрүнүн аралыгында жалпы облуста 15 операция уюштурган.

Операцияларда 518 сириялык, 58 афганистандык, 19 сомалилик, 17 конголук, 11 пакистандык, 9 ирактык жана 13ү башка өлкөлөрдөн болуп, жалпы 645 адам колго түшкөн. Көчмөн качкындар колдонгон  2 автобус, 4 кичиавтобус, бир кайык, бир резина кайык жана 74 жан сактоочу күрмөнү алышкан.

Кармалган  чет өлкөлүктөр, Миграция администрациясынын II облус башкармалыгына тапшырылган.

Жандармерия тобу, акыркы бир аптада мыйзамдан тыш чек араны кесип өтүү уюмунда катталган 12 шектүүнү кармады.

Жандармериядагы иштин артынан сот органына тапшырылган шектүүлөрдүн 7сү “уюшкан түрдө качкындарга ортомчу болуу” күнөөсү менен кармалса, ал эми калгандары юстициялык көзөмөлдөө шарты менен эркин кое берилди.

 



Тектеш кабарлар