Бабүл авиациялык чек ара бекети ишке киришти

Сирия жана Түркиянын чегиндеги Жилвегөзү  чек ара бекетинин маңдайындагы Бабүл авиациялык чек ара бекети, Асад режимине каршы топтор  арасындагы чыр-чатактардын токтотулушунан соң кайрадан  ишке киришти.

778684
Бабүл авиациялык чек ара бекети ишке киришти

Бабүл авиациялык чек ара бекетинин  жетекчисинин орун басары Мухаммед  Хасан Абидин: “Чыр-чатактардан улам жабылган чек ара каалгасы ачылды. Эки жыл мурун түзүлгөн жарандык башкаруу кызматын улантып жатат”, -деди.

Чек ара капкасында кирүү-чыгуу тартиби менен башка да бажы иштеринин кадимкидей жүрүп жатканын айткан Абидин: “Гуманитардык жардамдарды ташыган  жана соода максатындагы жүк ташуучу фуралар Сирияга кире баштады”, -деп айтты.

Ошондой эле Абидин, чек ара капкасына тийиштүү кандайдыр-бир коркунучтун болбогонун кошумчалады.

 Бабүл авиациялык чек ара бекети, гуманитардык жардам, майрам күндөрү өлкөлөрүнө кеткен Сирия жарандарынын кайра кайтууларында жана соодалык максаттагы өтүүлөрдө колдонулат.



Тектеш кабарлар