Эрдоган менен король Абдуллахтын сүйлөшүүсү

Президент Эрдогандын Дохадан Анкарага кайтуусунан кийин дароо болгон сүйлөшүүнүн негизги темасы Акса мечитиндеги акыркы абал эле.

776884
Эрдоган менен король Абдуллахтын сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Иорданиянын королу 2-Абдуллах менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик маалымат борборунун маалыматына караганда президент Эрдогандын Дохадан Анкарага кайтуусунан кийин дароо болгон сүйлөшүүнүн негизги темасы Акса мечитиндеги акыркы абал эле.

Иерусалимдеги Хареми Шарифтин бүтүндөй мусулмандар үчүн ыйык экендигине көңүл бурган президент Эрдоган жана Иорданиянын королу 2-Абдуллах, жан жоготууга чейин барган чыңалуунун тез арада токтотулушу үчүн Израилдин каршы чыгууларды тарткан чектөөлөрүн жоюшу керектигин баса белгиледи.

Ислам Кызматтыштык Уюмунун кезектешкен жетекчиси катары жарыялаган билдирүүсү менен бүткүл дүйнөгө чакырык таштаганын эске салган президент Эрдоган, 1-августта Ислам Кызматташтык Уюмунун аткаруу комитетинин жыйналышында да бул маселенин сүйлөшүлө турганына көңүл бурду.

Президент Эрдоган жана Иорданиянын королу 2-Абдуллах, маселенин чечилиши үчүн биргелеше аракет кылуу темасында макулдашышты.



Тектеш кабарлар