Акса мечити жабылбайт

Вице-премьер министр жана өкмөт катчы  Нуман Куртулмуш Израилдеги Акса мечити жабылбай турганын билдирди. Ал бул жүрөктү өйүткөн чечим болуп жатканын кошумчалады.

772785
Акса мечити жабылбайт

Вице-премьер министр жана өкмөт катчы  Нуман Куртулмуш Израилдеги Акса мечити жабылбай турганын билдирди. Ал бул жүрөктү өйүткөн чечим болуп жатканын кошумчалады.

Куртулмуш, министрлик кеңешинин жыйынынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Ислам дүйнөсүндө Мекке жана Мединадагы Харами Шарифтер жана Иерусалимдеги Харами-Шариф үч ыйык мечит болуп саналарын эскертти.

Ошондой эле Харами-Шариф мусулмандардын алгачкы кыбыласы жана 3 чоң мечиттин бири экенине басым жасады.

Куртулмуш: «1967- жылдардагы согуштардан бери мечит эч жабылган эмес. Жума намаздар да окулбай калган эмес. Ошондуктан мындай учурда айрыкча Израилдин бир жагынан тынчтык маселесин көтөрүп, экинчи тараптан мындай чечим чыгарышы колдоого алынбайт. Чечимди кабыл алуу- дин тутуу эркиндигине каршы болгон кылмыш катары эсептелет»- деди.

Эскерте кетсек, Жума күнү Акса мечитинин короосунда палестиналык 3  жаш бала Израиль полициясы тарабынан өлтүрүлгөн.

Натыйжада Акса, террор шылтоосу менен ибадат кылууга жабылган.



Тектеш кабарлар