Өзгөчө кырдаал өтө узак эмес келечекте жоюлушу мүмкүн

Президент Эрдоган, ФЕТӨ/ПДЙнын 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин бир жылдыгынын алкагында борбор шаар Анкарада чет элдик капиталдуу инвесторлор менен болгон жыйналышка катышты.

769443
Өзгөчө кырдаал өтө узак эмес келечекте жоюлушу мүмкүн

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзгөчө кырдаал ишке ашыруусунун Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) тамыры жулунганга дейре улана турганын айтты.

Эрдоган, ФЕТӨ/ПДЙнын 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин бир жылдыгынын алкагында борбор шаар Анкарада чет элдик капиталдуу инвесторлор менен болгон жыйналышка катышты.

15-июлдагы төңкөрүш аракетинин демократия жана эркиндиктер менен кошо экономиканы да бутага алганын, ал эми арадан өткөн мөөнөттө экономикада жакшы өнүгүүлөр катталганын белгилеген президент Эрдоган, өзгөчө кырдаал тууралуу: «Мунун белгилерин биз чийебиз, батыш чие албайт. Бир тарапта 80 миллион атуул жана 780 миң чарчы километрдик мекендин территориясы, экинчи тарапта рухун бир маскарапозго алдырып койгон уюм (ФЕТӨ) бар. Тандоо ушул экөөнүн ортосунда жасалат. Өзгөчө кырдаал өтө узак эмес келечекте жоюлушу мүмкүн»,-деп айтты.

Сөзүндө Германиянын Гамбург шаарында өткөн аптада болгон Чоң жыйырмалык (G20) саммитине да токтолгон Эрдоган: «Гамбург күйүп жаткан. Ар тарабы кыйрап жаткан. 10 миңдеген коопсуздук кызматкери бар эле. Биз болсо Чоң жыйырмалыктын самммитин өткөрдүк, кымындай да каршылык болгон жок. Ал жердеги досторубуз бизге жалаң «Анталья башкача болчу» дешти»,-деп айтты.

Чоң жыйырмалык (G20) саммитинин алкагында Европада жашаган түрк жарандары менен Гамбургда жыйналыш өткөрүүнү каалаганын, бирок уруксат берилбегенин эске салган Эрдоган: «Кайда эркиндик? Сиз келип каалаган жериңизде жыйналыш өткөрүңүз, уруксат берели, сүйлөштүрөлү. Нидерландия, Бельгия бардыгы ошондой. Ой-пикир эркиндигинен коркушууда. Биз ой-пикирибизге ишенген үчүн коркпойбуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар