Эрдоган Иззетбеговичке берген убадасын аткарууда

проф.др.Амадир Жеркович, президент Режеп Таййип Эрдогандын маркум Алия Иззетбеговичке Босния-Герцеговинаны коргой турганы тууралуу берген убадасында турганын айтты.

769094
Эрдоган Иззетбеговичке берген убадасын аткарууда

Босния-Герцеговинанын архивдер боюнча директору проф.др.Амадир Жеркович, президент Режеп Таййип Эрдогандын маркум Алия Иззетбеговичке Босния-Герцеговинаны коргой турганы тууралуу берген убадасында турганын айтты.

Сребреница геноцидинин 22 жылдыгынан улам Балыкесирде өткөн «Сребреница тозогу» аттуу Босния-Герцеговина Федерациясынын архивдик сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышкан Жеркович, бул жердеги сөзүндө президент  Эрдогандын Алия Иззетбеговичкти акыркы убактарында дарыланып жаткан ооруканага барып көргөнүн эске салды.

Иззетбеговичтин президент Эрдогандан бир убада беришин талап кылганын түшүндүргөн Жеркович: «Иззетбегович, Эрдоганга «Боснияны корго. Босния кичине бирок жакшы адамдардын өлкөсү» дептир жана бул үчүн убада беришин талап кылыптыр. Бүгүнкү иш-чаралар Эрдогандын убадасында турганын көрсөтүүдө. Президент Эрдоган Иззетбеговичке берген убадасын аткарууда»,-деди.

Жеркович, Балыкесирде Деврим Эрбилдин Заманбап көркөм өнөр музейинде ачылган көргөзмөсүнө да атуулдарды чакырды.



Тектеш кабарлар